»Дордой Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков камалды
- 3 года мурун
«Дордой Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу абак жайына камалды.
Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди. Анын бөгөт чарасы 6-декабрга чейин белгиленди.
Маалыматтарга караганда, Эркин Салымбеков бажыдагы мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу шектүү катары кармалган.
УКМК ишкердин кармалышы боюнча маалымат берген жок.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү