24-сентябрда: Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт

  • 9 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 24-сентябрда, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:


Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты