24-майда: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт
- 2 недели мурун
24-майда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндуз +13…+18;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+24 болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




