24-май: Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-майда, түнкүсүн Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан жааш күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз+ 25…+30;
Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан күтүлөт, күндүз жаан жаан күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…28 градус ысык болот.
Илл.страциялык сүрөт: Интернет булактарынан




