24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады

  • 6 месяцев мурун

24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева учурда порталдын айланасында болуп жаткан иштер боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Кайрылууда 24.kg агенттигинин кеңсесине мөөр басылып жабылганы журналисттердин кесиптик ишмердигине терс таасирин тийгизип, алар өз милдеттерин толук кандуу аткара алышпай турганы жазылган.

“Көп кызматкерлердин насыялары бар. Үй-бүлөлөрүн багышат. Агенттиктин ишине коюлган чектөөлөр 24.kg порталынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө жана төлөө боюнча келишимдерде каралган милдеттердин өз убагында аткарылышына таасирин тийгизиши мүмкүн”, — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле, Оторбаева агенттик журналистикалык нормаларды сактоо менен материалдарын жарыялап келерин кошумчалаган. Акыркы учурда агенттиктин айланасында болуп жаткан окуялар бир катар жарнама берүүчүлөрдүн келишимди токтотуусу менен коштолуп жатканы да айтылат.

Оторбаева УКМКнын төрагасынан агенттиктин кеңсесине кирүүгө уруксат берүүнү жана мөөрлөрдү кайтарууну өтүндү.

Эске салсак, 15-январь күнү УКМКнын кызматкерлери 24.kg басылмасынын имаратында тинтүү жүргүзүп, басылманын техникаларын алып кетишкен. Ал эми 24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева жана редакторлору Махинур Ниязова, Антон Лымарь Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде төрт сааттай сурак берип чыгышкан. Ниязова менен Оторбаева 17-январь күнү экинчи ирет суракка киришкен.

Кийинчерээк медиага карата «согушту пропагандалоо» деген 497-берене боюнча кылмыш иши козголгону маалым болгон.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылган. Бирок атайын кызмат өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты