24-июндагы аба ырайы: Айрым жерлерде 38 градуска чейин ысык болот
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-июнда, түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көо облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтөт, көн күркүрөйт. Чүй облусунн дыйканчылык аймактарында жана калган жерлерде жаан күтүлбйөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…22, күндүз +32…37;
Талас облусунда түнкүсүн +14…19, күндүз +31…36;
Баткен облусунда түнкүсүн +18…23, күндүз +33…38;
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +19…24, +күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…12, күндүз +21…26;
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




