24-февралда: Айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-февралда эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жана Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жаашы күтүлөт. Эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаап, карга айланат. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 0…+2.
Муну бөлүшүү




