24-декабрда: Айрым жерлерге туман түшөт
- 8 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-декабрда, күндүз өлкө аймагында кар жаашы күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлерге туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү күтүлөт. Түнкүсүн -3…-5, күндүз +5…+7 градус жылуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




