24-августтагы аба ырайы
- 2 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматыныны билдирүүсү боюнча, бүгүн, 24-августта, күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26
Нарын облусунда түнкүсүн+ 6…+11, күндүз +21…+26
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21°, күндүз +31…+33 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




