24-августтагы аба ырайы: Көпчүлүк жерлерде өткүн өтөт

  • 10 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-августта, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүү жерлеринде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:  

Чүй облусунда  түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;

Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36;

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында өткүн өтүшү мүмкүн. Түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты