24-апрелдеги аба ырайы
- 1 год мурун
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, бүгүн, 24-апрелде, түнкүсүн Чүй, Ош, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болушу күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 21…23° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы. Beka Shambetov
Муну бөлүшүү




