“Коронавируска каршы вакцина алгандан кийин өспүрүмдөрдүн арасындагы өлүм 56%га өстү” деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

4-октябрь күнү “The Daily Sceptic” сайтында “Улуу Британияда эмдөө башталгандан бери 15-19 жаштагы өспүрүмдөрдүн арасындагы өлүм 56% га өстү”,- деген маалымат жарыяланган. Анда, 2020-жылга салыштырмалуу бул жылы вакцинанын айынан өлүм көп болгону айтылат.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2021-жылдын июнь айында 12 жаштан жогору өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдөөгө уруксат берген. ДССУ билдиргендей буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө, Pfizer/BionTech вакцинасы өспүрүмдөргө оң натыйжасын берип, илдеттен коргой турган антителолордун иштелип чыгышына шарт түзгөн. Ушундан кийин, бир топ өлкөлөрдө 18 жаштан жогору адамдар сыяктуу эле өспүрүмдөрдү да эмдөө башталган.

Улуу Британиядагы эмдөө

Эмдөө алгандан кийин өспүрүмдөрдүн арасында өлүм көбөйдү деген маалымат Англиянын улуттук статистика комитети тарабынан чыгарылган. 2021-жылдын 23-жана 37-жумаларынын ортосунда Англия менен Уэлсте 15-19 жаштагы өспүрүмдөр арасында 252 өлүм катталган. 2020 -жылдын ушул мезгилиндеги 162 учурга салыштырмалуу өсүш 90 учурду түзгөн.

Бирок, “The Daily Sceptic” сайты берген маалыматта айтылгандай өлүмдөрдүн баары коронавируска жана вакцинага байланыштуу болгон эмес.


Англиянын улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери 14 жаштан 19 жашка чейин каза болгон өспүрүмдөрдүн 25и гана коронавирустан улам көз жумган. Ал эми калгандары башка түрдүү себептерден улам каза болушкан. Алардын арасында автокырсыктан каза болгондор жана суицидден улам көз жумгандар да болгон.

Улуу Британиянын статистика комитети берген маалыматка ылайык, 2020-жылы Британиялыктардын өлүмгө дуушар кылган 10 себептин биринчиси жүрөк ооруулары болсо, үчүнчү Covid-19 болгон.

Ал эми 2021-жылы коронавируска каршы вакцина алына баштагандан бери, өлүмдөрдүн саны азайып ондуктун ичине кирген эмес.

Белгилей кетсек, Улуу Британияда 12-15 жаш арасындагы өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдөө 20-сентябрда башталган.

Жыйынтык: Улуу Британияда бир жылдын ичинде 252 өспүрүм каза болгону чындык. Бирок алардын баары коронавируска каршы вакцина алгандан кийин каза болду деген маалымат манипуляция.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты