​Садыр Жапаров: 2020-жылы 5-октябрдагы жагдайдын пайда болушуна 2010-жылдагы парламенттик-президенттик башкарууга өтүү себеп болду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кайрылуу жасады

Анда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларга бир жыл толгонун, бул окуянын келип чыгуу себептери жөнүндө түрдүү пикир, көз караштар айтылып келерин баса белгиледи.

“Сиздерге белгилүү болгондой, былтыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өтүп, адилетсиздик орун алгандыгына байланыштуу, шайлоочулардын нааразычылыктары күчөп, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы катуу коюлган. Бул талапка өз учурунда жооп берилбегендиктен, нааразы болгон элдин калың катмары бийликти кулатууга мажбур болгон.

Мындай жагдайдын пайда болушуна 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясынын парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү деген тариздеги мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келбеген өзгөртүүлөрү себеп болду десем жаңылышпайм” деп билдирди Садыр Жапаров.

Себеби 2010-жылдагы Конституциянын редакциясы пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, тилекке каршы шайлоолор жабык тизме менен өткөн. Бул система саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Натыйжада саясий партиялардын лидерлери жабык тизмени кызылдай эле соодалап, шайлоодо добуштарды сатып алуу күчөгөн. Бул саясий коррупция андан ары уланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн түзүү укугуна ээ болгон парламент министрлик портфелдерин бөлүшүп, Өкмөттүн, дегеле аткаруу бийлик бутагынын өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, талкалаган.

Элдин алдындагы жоопкерчилик дээрлик жоголгон. Парламент Өкмөткө, Өкмөт болсо, кайра парламентке түртө салып, Президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып отуруп жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбей калган. Бардык бийлик бутактарынын легитимдүүлүгү күмөн жараткан абалга кептелген. Конституциянын биринчи эле беренесиндеги “бийликтин ээси эл” деген негизги принцип одоно бузулган. Ошентип эл менен бийликтин өз ара аракеттенүүсү төмөндөп, нааразычылыктар өскөн. Саясий партиялар коомдун тигил же бул катмарынын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн эмес, анын башында турган саналуу адамдардын гана кызыкчылыгын көздөп калган. Мындай адилетсиз түзүлүш эртеби-кечпи кулайт эле. Акыры элдин башкы мүдөөсү Конституция менен негизделип калган жоопкерчиликсиз бийликти кетирүүгө чейин жеткен. Андан тышкары коррупциянын пандемия шарттарында гүлдөшү да элдин кыжырдануусун күчөткөн жана бийликке болгон ишенимин биротоло жоготкон, -деди Президент Жапаров.

Мындан туура бир жыл мурда, 2020-жылдын 5-октябрында, Бишкекте «Ала Тоо» аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон партиялардын митинги мындан өткөн.

«Ала Тоо» аянтында «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары акция баштаган. Ал эми «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери аларга кошулган.

Чыгып сүйлөгөндөр бул шацйлоо тарыхта болуп көрбөгөндүй ыплас өткөнөн, анын жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришүүдө.

2020-жылдыг 4-октябрында, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтыак боюнча «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары алдыда келатат.

2020-жылы 6-октябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты.

6-октябрда митингчилер Ак үйдү басып алышты. Камактагы Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана Равшан Жээнбеков бошотулду.

15-октябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. 16-октябрда, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп жатат. Анда Сооронбай Жээнбековдун отставкасы кабыл алынды.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда «Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты