Бишкекте түнкүсүн тышкы жарыктандыруу өчүрүлбөйт

  • 3 года мурун

Бишкек шаарында кечкисин тышкы жарыктандыруу өчүрүлбөйт. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле маалда мекеме берген маалыматта, 3-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 миллиард кубометрди түзгөнү, бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу 3 миллиард кубометрге аз экени айтылат.

Ага байланыштуу компания күз-кыш мезгилинде электр жарыгынын тартыштыгын болтурбоо үчүн жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, жылуулуктун альтернативдүү булактарын (газ, көмүр) колдонууга чакырат.

Эске сала кетсек, сентябрь айынын аягында «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов жалпы өлкө аймагында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрукка кол койгону белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты