​Тажикстан Кыргызстанга чек араны ачуу боюнча өтүнүч кат жибербегенин айтып, кыргыз ЖМКларын күнөөлөгөнү чын (Фактчекинг)

29-сентябрь күнү Тажикстандын “Asia Plus” маалымат агенттигинде “Тажикстан чек араны ачуу боюнча Кыргызстанга өтүнүч кат ж иберген эмес” деген маалымат жарыяланган. Анда, кыргыз ЖМКларында жарыяланып жаткан чек-ара боюнча кабарлар чындыкка дал келбей турганы айтылат.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Чек-араны ачуу тууралуу кабар алгач тажик ЖМКларында жарыяланган

Тажикстандын кыргыз бийлигине кызматташтыкты калыбына келтирүү жана чек араларды ачуу боюнча расмий кат жөнөткөнү тууралуу алгачкы кабар 27-сентябрда “Озоди” маалымат агенттигинде жарыяланган.

Кабарда,Тажикстандын Транспорт министрлиги Кыргыз бийлигине кат жолдогону, бирок кыргыз тарап азыр жооп бере электиги белгиленген.

Андан кийин, 28-сенябрда гана кыргыз ЖМКларында бул кабар чыга баштаган. Кыргызстандык маалымат каражаттары чек-ара тууралуу кабарда, Тажикстандын “Озоди” агентствосун булак катары көрсөтүшкөн.

Ал эми Тажикстандын Кыргызстанга кат жолдогонун төгүндөгөнү тууралуу маалымат официалдуу булактарда чыккан эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиле чек ара маселесинен улам солгундап кеткен. 28-апрелде Головной суу сактагычында башталган чыр-чатак, куралдуу кагылышууга чейин жетип, эки тараптан 50 дөн ашуун адам мерт болгон.

Кыргызстандан 36 киши каза болсо, алардын арасынан экөө жаш балдар болгон.

Белгилей кетсек бул кагылышуудан кийин, 21-майда Кыргызстан Тажикстан менен болгон чек-араны жапкан. Азыркы убакта чек-арада жол кыймылы чектелген.

Жыйынтык: Тажикстандын Кыргызстанга чек-араны чечүү боюнча кабар алгач кыргыз ЖМКларда эмес, тажик ЖМКларда жарыяланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты