​Экономикалык коопсуздук – үй бүлөдөгү урмат сыйдын негизи

  • 3 года мурун

“Акча эч нерсени чечпейт, биринчи кезекте сүйүү, ишеним, сыйлоо, түшүнүшүү болуш керек деп аялдар жалпы мүлктү катоого, каражатты колдонууга, тааламын талашууга келгенде бардык позициясын алдырып унчукпай кала беришет. Ооба ишеним дагы керек. Бирок аялдар өзүнүн жеке экономикалык коопсуздугун бекемдеп коюп анан сый урмат кура бергени туура. Аялдын өзүнүн керт башынын экономикалык коопсуздугу үй-бүлөдөгү теңчиликтин, өз ара сыйлашуунун негизи экенин кааласак да каалабасак дагы моюнга алуу керек” – дейт психолог Гулнур Жумалиева.Анын айтымында зомбулукка кабылган аялдар психологдорго көп кыйрылып атат жана анын басымдуусу экономикалык коопсуздугунун жоктугунан агерссордон кете алышпайт. Төмөндө псиохолог айым окурмандар менен экономикалык коопсуздукка жетүүнүн ыкмалары менен бөлүштү.

“Иштетпей, же үйдөгү жалпы мүлктү колдондурбай, үй-бүлөлүк кирешеден пайдаланууга уруксат бербей, тамак-аш, кийим кечек менен жетиштүү камсыз кылбай же өзүнө иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей көз каранды кылып башкаруу — зомбулуктун биркөрүнүшү. Көпчүлүк аялдардын кызыл камчы, зөөкүр (агрессор) менен ажыраша албай чайналып жүрүшүнүн себеби көбүнчө экономикалык абалдан улам болот.

Кыргыз коомчулугунда адатта аял күйөөсүнүн үйүндө жашайт. Күйөөсү болсо мүлкүн ата-энесине же башка туугандарына каттатып коет, аялдын кесиптик билими жок, удаа төрөлгөн 3-4 баласы болот. Аял үй иштери, балдарды чоңойтуу менен алек, күйөөсү болсо тапкан акчасын өзү коротуп, аялына ченеп берип турат. Ал эми аял киши иштесе, акчасын толугу менен үй-бүлөөгө коротуп, өзүнө керектүү нерселерди сатып ала албай калган учурлар да кездешет.

Мындай абал аялдарды экономикалык жактан көз каранды кылып, зомбулукка кабылуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Андыктан дайыма экономикалык коопсуздукту бекемдеп жүрүү керек.

Зомбулуктун капканынан кутулуу үчүн, экономикалык коопсуздукту түптөө үчүн аялдарга эмне кылуу керек?

  • Жеке өзүңөрдүн финансылык каражатыңар болуш керек.
  • Өзүңөрдүн кесибиңер болушу керек, жок болсо окуп алууга каражат бөлүү зарыл.
  • Кандай укуктарыңар бар экенин Интернеттен таап окуп, болбосо адвокатын кеңешин алып коюу замандын талабы.
  • Жалпы үй-бүлөлүк каражат менен мүлктү тең пайдаланууга мүмкүнчүлүк болуш керек.
  • Өзүңүзтапкан каражатты өз алдынча бөлүштүрүүгө укугуңуз болуш керек.
  • Жалпы үй-бүлөлүк карыздарды да кеңешип чогуу алып, чогуу төлөш керек.

Экономикалык коопсуздукту бекемдөө максатында төмөнкү суроолорго чын дилден жооп берип көргүлө:

  • Мен турмушумда кимден, эмнеден көз карандымын?
  • Күйөөмдөн финансылык жактан көз карандымынбы?
  • Менин үйдөгү, сырттагы эмгегим тийиштүү деңгээлде бааланып атабы?
  • Мен өз алдымча эмгектенип каражат таба аламбы?
  • Кандай кесибим бар, кандай жумушта иштей алам?
  • Дагы кандай жөндөмүм бар?
  • Тапкан акчам кандай королуп жатат?

Жоопторду анализдеп, кайсыл жерден туура же туура эмес кылып жатканыңарды белгилеп, өзгөртүүгө аракет жасагыла.

Экономикалык коопсуздукту бекемдөө үчүн төмөнкү иш чараларды ишке ашыргыла

  • Өзүңөр жумшаган каражатты иликтеп чыгып, “коопсуздук корун” (заначка) камдап коюу керек. Кыргызда “жыгылаар жерге саман төшөп кой” дейт. Каражатты кайрадан карап, билим же керектүү кесип алууга жана коопсуздук коруна дагы бир аз үлүш бөлгүлө. Кай жерден канча үнөмдөөгө болот, карап чыккыла.
  • Мыйзамда каралган жеңилдиктердин, пособиелердиндокументтерин толтуруп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылгыла. Ата-энеңерденкалчу же калган мурастын мыйзам боюнча сизге тиешелүү бөлүгүн алгыла.
  • Нике кагазыңар жок болсо, каттоого туруп, экөөлөп тапкан бардык үй-мүлкүңөрдү жалпы каттаткыла. Ата-энеңерден мураска калган жеке өзүңөрдүн мүлкүңөр болсо аны өзүңөргө “белеке берилген” кылып каттатып койгула, болбосо күйөөңөр экөөңөрдүн тең бирдей мүлкүңөр катары эсептелет.
  • Чыдамдуу болгула. Экономикалык коопсуздукту түптөөгө адатта бир жылдан уч жылга чейинки убакыт керек.

Албетте, экономикалык коопсуздук зомбулуктун алдын алуу үчүн эле эмес, бул жалпы жашоонун сапатын жакшыртуу үчүн дагы маанилүү. Экономикалык жактан эч кимден көз каранды эмес, укугун билген, сүйгөн иши менен алектенген аялзаты менен баары эсептешет, сыйлайт, кеңешет. Ар бир киши өзү үчүн экономикалык жактан коопсуз шартты түзүү — бул замандын талабы.

***

Материал КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун демилгеси менен, БУУнун жана Европа Биримдигинин «Теңдик нуру» Программасынын колдоосунда даярдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты