Бишкекте академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы өттү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) аймагында чыгаан илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, БМУнун эмгек жамааты жана студенттери катышты.

Кусеин Карасаев филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери болгон. Ал кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгѳ катышкан. Авторлош болуп чоңдор үчүн «Жаңылык» деген туңгуч алиппени түзүүгө катышкан, ѳзү дагы «Сабат ачкыч» алиппесин жазган. Ал ошондой эле Кыргызстанда сѳздүк түзүү ишине негиз салган окумуштуулардын бири болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты