​“Pfizer” вакцинасынын негиздөөчүсү Альберт Бурла коронавируска каршы эмделбегендиктен Израилге кире албай калды — манипуляция

22-сентябрь күнү “Жизнь в Майами” телеграмм каналында, коронавируска каршы эмдөө албаган “Pfizer” вакцинасынын негиздөөчүсү Альберт Бурла Израилге кире албай калганы тууралуу маалымат жарыяланган. Анда, Бурла өзүнүн вакцинасы менен эмделбегени айтылат.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Маалымат манипуляцияланган

Альберт Бурланын Израилге келгени тууралуу маалымат 7-мартта “The Jerusalem Post” сайтына жарыяланган.

Анда, Бурла коронавируска каршы таптакыр эмдөөдөн өтпөгөн үчүн эмес, вакцинанын биринчи дозасын гана алганы үчүн сапары токтотулганы айтылат.

Мындан сырткары, Израилге сапарын кийинкиге калтыруу Альберт Бурланын чечими болгону да белгиленген.

Белгилей кетсек, буга чейин да Бурла өзүнүн вакцинасын алуудан баш тартканы тууралуу маалымат жарыяланган. Бирок бул маалыматты Американын “USA Today” сайтынын фактчекерлери фейк экенин далилдешкен.

“Pfizer” вакцинасы

2020-жылы ноябрь айында “Pfizer” вакцинасы клиникалык сыноосунун 3-фазасын жыйынтыктаган. Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакциналардын статусун белгилеген индекси боюнча эффективдүүлүгү 95%деп табылган. Мындан сырткары, “Pfizer” вакцинасы дүйнө жүзү боюнча коронавируска каршы колдонууга уруксат алган алгачкы вакцина болуп саналат.

Pfizer жана BioNTechтин дарысы өтө төмөн температурада — минус 70 градус Цельсийде сактоону талап кылат. -70 ° С температурада препаратты 6 айга чейин, ал эми 2-8 градус температурада -5 күнгө чейин сактоого болот.

Белгилей кетсек, буга чейин январь айында Covax программасы менен Кыргызстанга 1 миллион 200 миң “Pfizer” вакцинасы келээри күтүлүп жаткан. Бирок, Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцинаны сактоо үчүн жогорку температурадагы муздаткычтар жок деген жүйөө менен вакцинадан баш тарткан.

Жыйынтык: “Pfizer” вакцинасын ойлоп тапкан Альберт Бурла коронавируска каршы эмдөө албагандыктан, Израилге кире албай калды деген маалымат манипуляция.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты