​Улуу Британияда 30 миң аял эмдөөдөн кийин айыздык циклинин бузулганы тууралуу маалымдаганы чын (Фактчекинг)

22-сентябрь күнү “The Defender” журналында “Улуу Британияда 30 миңден ашуун аял, Covid-19га каршы вакцина алгандан кийин, этек кирге байланыштуу көйгөйлөргө туш болушкан” деген маалымат жарыяланган. Анда, көпчүлүк аялдарда этек кирдин кечигүүсү же тескерисинче мөөнөтүнөн эрте келген учурлар катталганы белгиленген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Коронавирус илдетине каршы ойлонуп табылган вакциналардын терс эффектилерине, чыйрыгуу, температуранын жогорулашы, алсыроо сыяктуу белгилер кирет. Бирок, азыркы учурда вакцинанын аялдардын организмине, анын ичинде айыздык циклине болгон таасири терс эффект катары каралган эмес.

Вакцина жана менструалдык цикл

Коронавируска каршы ойлонуп табылган вакциналардын аялдардын айыздык циклине тийгизген таасири тууралуу изилдөө “BMJ” журналына жарыяланган. Изилдөөдө, Британияда 30 миңден ашуун аялда эмдөөдөн кийин этек кирдин кечигүүсү, вагиналык каноо жана айыздын өлчөмүнөн көп келгени байкалган.

Изилдөөнүн автору Лондон Империал Колледжинин репродуктивдүү иммунологу доктор Виктория Мейл вакцина менен менструалдык циклдин ортосунда байланыш бар экенин, бирок ал узак убакытка коркунуч жаратпай турганын билдирген:

“Вакцина менен этек кирдин ортосундагы байланыш далилдене элек болсо да, вакцина айыздык циклди өзгөртөт деп ойлоо орундуу. Ошол эле учурда кооптонууга негиз жок. Айыз күтүлбөгөн жана оор болушу мүмкүн, бирок алар узак мөөнөттүү ден соолукка коркунуч туудурбайт”, — деп билдирген доктор Мейл.

Ал эми Иллинойс штатындагы Америка университетинин профессору Кейт Клэнси Твиттерде Модерна вакцинасы менен эмделгенден кийин адаттан тыш этек кири көп келгенин жазганда, дароо ондогон жоопторду алган.

Көпчүлүгү аларда да ушундай көйгөйлөр жаралып жатканын билдиришкен. Буга байланыштуу, Клэнси окумуштуу Кэтрин Ли менен бирге, эмдөөдөн кийин айыздык циклдин өзгөрүшү тууралуу сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Натыйжада, АКШда да кээ бир аялдарда вакцинадан кийин циклдык бузулуулар болгон деген тыянакка келишкен.

Айыздык циклдин бузулуусунун себептери

Окумуштуулар эмдөөдөн кийин этек кирдин бузулушунун бир канча себеби бар экенине токтолушкан. Алсак, жатындын (эндометрия) ички катмары иммундук системанын бир бөлүгү болгондуктан, денедеги өзгөрүүлөр жатынга түздөн-түз таасир этет. Ай сайын жатын кош бойлуулукка даярданып, эгер жумуртка уруктандырылбаса, былжыр челдин жараксыз катмары кан аркылуу чыгып турат. Бул учурда, эмдөөдөн кийин болгон денедеги реакция, эндометриянын эрте ажырашына алып келип, айыздын мурдагыга салыштырмалуу эрте жана көп болушун шартташы мүмкүн. Бул тууралуу доктор Виктория Мэйл билдирген.

Ал эми, Американын калкты көзөмөлдөө борбору Covid-19га каршы вакцинанын айызга таасир бериши мүмкүн экенин, бирок башка да көптөгөн жагдайлар болушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Алсак, коронавирус пандемиясы убагындагы стресс, коркуу сыяктуу сезимдер да айыздык циклге таасир бериши мүмкүн.

“Вакциналар бойдон түшүүгө жана узак убакытка айыздык циклдин бузулушуна алып келбейт”

Бир катар изилдөөлөрдө Covid-19 га каршы вакциналардын кош бойлуу аялдарга жана түйүлдүкө зыяны жок экени далилденген. Алсак, “The new England journal o f medicine” журналына жарыяланган изилдөөгө 35 миң 691 аял катышкан. Алардын арасында өлүмгө байланыштуу жагдайлар катталган эмес жана изилдөөчүлөр эмдөөнүн кош бойлуу аялдарга зыяны жок деген тыянакка келишкен.

Мындан сырткары, окумуштуулар сасык тумоо сыяктуу ооруулар да аялдардын айыздык циклине таасир берээрин бирок бул убактылуу экенин билдиришет.

Гинеколог жана изилдөөчү Джен Гантер айыздык циклдин бузулушу бардык аялдарда байкалбасын жана бул процесс ысытманын жогорулашына окшош экенин айткан:

“Менструалдык циклдин вакцинадан кийин өзгөрүшү табийгый процесс. Бул кээде ооруп жатканда температуранын жогорулашына окшош. Бирок ал узун убакытка таасир этпейт. Бул далилденген”, — деп билдирген.

Белгилей кетсек, азыркы учурда вакциналардын аялдардын айыздык циклине болгон таасири бар экени толугу менен изилденип бүтө элек. Мындан сырткары, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму да бул тууралуу официалдуу билдирүү тараткан эмес.

Жыйынтык: Кээ бир изилдөөлөрдө коронавируска каршы вакциналардын аялдардын айыздык циклине таасири бар экени айтылган. Бирок алар узун убакыттуу оргнанизмге таасир этпей турганы жана бойдон түшүү сыяктуу терс зыяндары жок экени далилденген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты