​Чиновниктерге жасалма шприц менен жалгандан эле вакцина сайышат. Бул маалымат фейк (Фактчекинг)

23-сентябрь күнү Валентина Шевченко аттуу Фейсбук колдонуучусу “Правда о вакцинации и природное здоровье!” деп түзүлгөн тайпага “Чиновниктердин вакцина алганы калп. Аларга жөн гана витамин сайып коюшат” деген жазуусу менен видеотасма бөлүшкөн.

Видеотасмадан, бир адам учундагы ийнеси кирип чыга турган жасалма шприц кармап турганын, ал шприцтен эч кандай суюктук бөлүнүп чыкпаганын көрүүгө болот.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Сүрөттөгү айырмачылыктар

А сүрөтү. Бул видео тасмадан алынган сүрөт.

А бул вакцина үчүн колдонула турган шприцтин сүрөтү.

Видеодогу шприц болсо, бул сүрөттөгүдөн чоңдугу жана көрүнүшү боюнча өзгөчөлөнүп турат.

Бул видеодо жасалма деп колдонулган шприцтин оргиналы.

Өлкө башчылары жана кызмат адамдарына колдонулган шприц менен салыштырып көрөбүз.

Бул Садыр Жапаров вакцина алып жаткандагы сүрөттүн жакындаштырылганы.

Эми ушул эки сүрөттөгү шприцти салыштырып көрөлү. Көрүнүп тургандай, чыныгы вакцина үчүн колдонулган шприц видеодогу шприцтен ичкерээк болуп турганын байкоого болот.

АКШнын президенти Джо Байден вакцина алып жаткандагы сүрөт.

АКШнын президентине колдонулган шприцти да карап көрсөк, ал да жасалма делген шприцтен бир топ ичке экендигин көрүүгө болот.

АКШнын Вице-президенти Камала Харристин вакцина алып жаткан учуру.

Липецкий облусунун Эмгек жана ишке орноштуруу бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары вакцина алып жаткандагы сүрөт.

Анда ийненин денеге толук киргени байкалып эле турат.

Жыйынтык: “Өлкө башчыларына, чиновниктерге, артисттерге ж.б. кызмат өкүлдөрүнө жасалма шприц менен жалгандан эле вакцина сайышат. Чындыгында алар вакцина алышкан эмес” деген маалымат калп.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты