ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагалар кеңешмеси ишин баштайт

  • 3 года мурун

Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVI rеңешмеси өз ишин баштайт.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Мааламытта Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында видеоконференц байланыш аркылуу өткөн кеңешмеде тараптар бир катар маселелерди талкуулаша турганы белгиленди. Анын ичинде:

— бейтарап жана арбитраждык соттордун чечимдерин аткаруу практикасы;

— ШКУга мүчө-мамлекеттердин жазык мыйзамдарын гумандаштыруу. Оң жана терс жактары;

— сотторду санариптештирүү жана сот адилеттигин ишке ашыруу процессинде IT- технологияларын колдонуу;

— ювеналдык юстиция жаатында ШКУга мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы. Жашы жетпеген балдардын катышуусу менен келип чыккан талаш-тартыштарды кароо боюнча сотторду түзүү практикасы;

— массалык маалымат каражаттары жана сот системасы. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда массалык маалымат каражаттарынын таасири;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча сот практикасы жана башка маселелер.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты