​Сингапурда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөнү чын. Фактчекинг

Твиттер социалдык тармагында “Вакцина иштебейт. Дээрлик толугу менен эмделген Сингапурда коронавирусту жуктуруп алуу 80%га жогорулады”, — деген жазуусу бар пост бөлүшүлгөн. “Singapоur” деп белгиленген статистиканын сүрөтү жүктөлгөн.

​Сингапурда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөнү чын. Фактчекинг

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Сингапурда коронавирус менен болгон абал

Коронавирус илдети Сингапурда алгачкы ирет 23-январда аныкталган. Андан соң сандар акырындык менен өсүп отуруп, апрель айында оору жуктургандардын саны эң жогорку деңгээлге жеткен. Оругандардын саны 1426 адамды түзүп, бул көрсөткүч 21-апрель күнү катталган.

Андан соң өлкөдөгү оор абалдын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги пандемия учурунда сакталышы керек болгон катуу тартиптеги карантиндик чектөөлөрдү киргизген:

-чогулганга уруксат берилген адамдардын саны 2 адамдан ашпоого тийиш;

-үй-бүлө күнүнө үйүнө 2 гана конокту кабыл ала алат;

-үйдөн сырткары кафе-ресторандарда тамактанууга болбойт, бирок бул жайлар өз тамактарын жеткирип берүү менен иштесе болот;

-масканы чечүүнү талап кылган интенсивдүү кыймыл, спорт менен алектенүүгө болбойт;

-той, маараке, ар кандай масштабдуу иш-чараларды өткөрүү кыскартылат, жана буларга баруудан муруналдын алдын ала тестирлөө керектелет;

-үйдөн иштөө режими киргизилет;

-өлкөлөр арасындагы аба каттамдары да чектелет.

Киргизилген эрежелер менен катар баары жалпы эмдөөгө өтүшкөн.

Сингапур эли канчалык деңгээлде коронавируска каршы вакцина менен эмделген?

Сингапурдун калкы азыркы учурда 5,704 миллион адамды түзөт. Коронавирус илдетине каршы эмдөө бул жерде 2021-жылдын 11-январынан башталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтына чыгарылган маалыматка ылайык, дал ушул убакытта коронавируска каршы эмделген калктын саны 82 %ды, башкача айтканда 4 444 525 адамды түзгөн. Бул өлкөдө көбүнчө Pfizer-BioNTech Comirnaty и Moderna вакциналары колдонулган.​Сингапурда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөнү чын. Фактчекинг

Мындай чектөөлөр менен биргеликте ийгиликтүү эмдөө процесси оң натыйжа берип, оору жуктургандардын саны кескин төмөндөгөн. Эң аз учурларда күнүнө 4-9 адамдан аныкталып, өткөн жылдын жай айларынан баштап, дээрлик бир жыл белгилүү бир стабилдүүлүк сакталып турган.

​Сингапурда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөнү чын. Фактчекинг Дүйнө жүзү боюнча жугумдуулук Сингапурда эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири болгон.

Бирок бул көрсөткүч ушул жылдын август айынан баштап кайра жогорулап кеткендиги чын жана муну август-сентябрь айындагы көрсөткүчтөр тастыктап турат. Сентябрь айындагы берилген жыйынтыктарга ылайык, эң жогорку көрсөткүч 1012 адамга жетти. Бирок жогоруда жазылгандай эч бир ЖМК же официалдуу сайттарда калктын 80%ы ооруду деген маалымат берилген эмес.

Элдин көпчүлүк бөлүгү эмделгенине карабай, эмне себептен ооруну жуктуруп алуу жогорулап кеткенин карап көрөлү.

Мындай абал өлкөдөгү киргизилген катуу карантиндик чектөөлөрдүн жумшарышы менен түшүндүрүлөт. Өкмөт акырындык менен ар бир фаза аркылуу өлкөнү карантинге чейинки жашоого кайтарууну пландаган. Август айында финансы министри Лоуренс Вонг өлкөнүн “covid-19 менен жашоо” фазасына өтүшү жөнүндө сүйлөгөн. Ага ылайык, 10-августтан баштап Сингапурда карантин эрежелери жумшармак. Башкача айтканда:

-бир жерде адамдардын чогулуусу 2 адамдан 5 адамга көбөйгөн;

-тамактануучу жайлар, кафе-ресторан жана спорттук мекемелер иштей баштаган;

-эки вакцинаны тең алган адамдар адамдар аларга бара алган;

-үйдөн иштөө режими да жумшарган.

План боюнча ар бир фазада жеңилдиктер берилип отуруп, Сингапур кайрадан кадимки жашоосун улантмак, бирок оорунун кескин күчөөсүнөн улам сентябрдын ортосунан карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен катар бир нече басылмалар да билдирген.

Мындай кырдаалга карабай, өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, Сингапурда covid-19дан улам өлгөндөрдүн саны дагы деле төмөн бойдон. Ал жалпы 0.008% ды түзүп бул дүйнө жүзү боюнча төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. ДССУнун сайтындагы маалыматка ылайык, ушул убакытка чейин коронавирус 77 804 адамдан аныкталган болсо, өлүмгө алып келген учурлар жалпы 60 адамды түзөт.

​Сингапурда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөнү чын. Фактчекинг Салыштыруу үчүн Кыргызстанда абал кыйла оор. Коронавирус аныкталган учур 177 780ди ал эми өлүмгө алып келген учурлар 2590 адамды түзөт.

Сингапурдун Саламаттыкты сактоо министрлигин берген маалыматын карасак, акыркы 28 күн ичинде covid-19 аныкталган адамдардын 98,1%ы ооруну такыр эле симптому жок же жеңил симптомдор менен өткөрүп, 4тү каза болгон. Каза болгон адамдардын эч бири толук эмдөөдөн өткөн эмес деп айтылат.​Сингапурда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөнү чын. Фактчекинг

Жыйынтык: Сингапурда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөнү чын. Себеби карантиндик чектөөлөрдүн жумшартылышы менен түшүндүрүлөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты