Бишкекте бак-дарактарды электрондук инвентаризациялоо иши башталды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарында бак-дарактарды биринчи жолу электрондук инвентаризациялоо иштери башталды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бул долбоор борбордук муниципалитеттин жана “Арча” коомдук фондунун демилгеси менен ишке ашырылмакчы. .

Инвентаризациялоонун максаты – бак-дарактардын орун алышы, жашылдандыруу программаларын иштеп чыгуу, мониторинг, иш-чараларды өткөрүү.

Эмен багында волонтерлордун жардамы менен биринчи жүз эмен багы инвентаризациядан өттү.

Эми шаардын “жашыл жашоочуларынын” өздүк “медициналык карточкасы” пайда болот. Карточкаларга агрономдор жана мастерлер тарабынан бак-дарактардын саны, орду, түрү, сугарылышы жана башка абалы жөнүндө маалымат киргизилип турат.

Бул программанын жардамы менен “Бишкек жашыл чарба” кызматкерлери бак-дарактарды карап багуу, дарылоо үчүн керектүү каражаттарды өз учурунда эсептеп чыга алышат.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты