​Хюррем султандын ролун аткарган Мерьем Узерли Бишкекке келди

  • 3 года мурун

Түркиялык “Даңазалуу доор” көп сериялуу фильминде Хюррем султандын ролун аткарган немис жана түрк артисти Мерьем Узерли Бишкекке келди.

Asian World Film Festival, Aitysh USA Азия аймагы үчүн мыкты телесериалдар сыйлыгын уюштуруу тууралуу айтылат. Сыйлоо аземи ар жылы Түркияда, Стамбул шаарында өтөт.

Asian World TV Series аттуу сыйлыкты тапшыруу 2022-жылдын май айынын баш жагына белгиленип жатат. Анын алкагында телесериалдар тандалып, кино тармагындагы белгилүү режиссер, актер, актрисалардын катышуусу менен өтөт.

Бул долбоорду Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОнун ыйгарым укуктуу өкүлү Садык Шер Нияз, ишкер Шухрат Ибрагимов негиздеди. Садык Шер Нияз «Айтыш фильм» киностудиясынын да негиздөөчүсү.

Мерьем Узерли киносериалдар сыйлыгынын бет ачарын өткөрөт.

Пресс-конференцияда Мерьем Узерли Кыргызстандын кооз жаратылышы менен алдын-ала аралыктан таанышып суктанганын айтып, мындан ары Кыргызстанга узакка жана көп ирет келип тураарын билдирди. Мерьем Узерли журналисттердин суроолоруна жооп берип, чынында «Даңазалуу доор» сериалы аны даңазалаганын айтып берди. Ал сүйүктүү иши үчүн уйкуну кана уктабай каларын, балдарына да карап, бирок ар күнү «Мен бүгүн эмне жасадым?» деп суроо саларын айтты.

Сүрөт:Баш сүрөт Интернет булактарынан. Пресс-конференциядан кийинки сүрөт: «ПолитКлиника»/ Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты