Айбек Жунушалиев Бишкектин мэри болуп шайланды

  • 3 года мурун

Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда башчы болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү добуш берди.

Бул туралуу “Азаттык” кабарлады.

Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

45 жаштагы Жунушалиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен 12-августта дайындалган. Ага чейин ал өкмөт башчынын орун басары, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы, Чүй облустук администрациясында түрдүү жетекчилик кызматтарда иштеген.

«Ата-Журт Кыргызстан», «Эмгек», «Ишеним» жана «Өнүгүү-Прогресс» көпчүлүк коалициясына биригишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты