Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлери шайланат

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Айбек Жунушалиевдин, Токмок шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин, Ош шаардык кеңеши калаа башчылыкка Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин көрсөткөн.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, Токмокто мэр болуу ниетин Азат Кубатбек уулу да билдирген. Азат Кубатбек уулунун талапкерлигин азчылык коалиция көрсөткөн.

Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи «Ишенимге», жетөө «Ынтымакка», бешөө «Өнүгүү-Прогресске» жана дагы бешөө «Социал-демократтарга» тийген.

Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.

Токмокто «Бирге-Вместе» партиясына тогуз, «Эмгекке» сегиз, «Асыл Мурас-Жаштарга» беш, «Патриот Ынтымагына» беш жана «Эл Биримдигине» төрт мандат тийген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты