​Кабулдагы салондордо кыздардын сүрөттөрү өчүрүлүп жатат деген сүрөт Афганистанда тартылганы чын. Фактчекинг

16-август күнү социалдык тармактарда Афганистандын борбору Кабул шаарындагы учурдагы көрүнүш делип сүрөт тараган. Анда сулуулук салондорунун сыртындагы аялдардын сүрөтүн өчүрүп жаткан кишини көрүүгө болот. ЖМКлар жана колдонуучулар мындай көрүнүштөр өлкөгө талибан күчтөрүнүн кирип келишинен улам болгонун жазышууда.

​Кабулдагы салондордо кыздардын сүрөттөрү өчүрүлүп жатат деген сүрөт Афганистанда тартылганы чын. Фактчекинг

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

Сүрөттү жүктөгөн Фейсбук колдонуучулардан бири баракчасына Лотфуллох Наджафизада деген атты кошо жазып киргизген. Ошондой эле бул сүрөттү байма-бай киргизген ЖМКлар да дал ушул адамды белгилешкен.​Кабулдагы салондордо кыздардын сүрөттөрү өчүрүлүп жатат деген сүрөт Афганистанда тартылганы чын. Фактчекинг

Лотфуллох Наджафизада — белгилүү журналист. Афганистандагы TOLOnews маалыматтык телеканалынын директору жана өлкөдөгү эң ири маалымат операцияларын көзөмөлдөйт.

Биз анын социалдык тармактардагы баракчаларын текшерип көрдүк. Натыйжада Twitterдеги баракчасынан керектүү постту таба алдык. Ал сөз болуп жаткан сүрөттү 15-август, жекшемби күнү саат 16:00дөр чамасында киргизген. Жана ошол замат эле чукул түрдө бөлүшүлө баштаган.​Кабулдагы салондордо кыздардын сүрөттөрү өчүрүлүп жатат деген сүрөт Афганистанда тартылганы чын. Фактчекинг

Жаңылык булактары жана интернет колдонуучулар бул көрүнүштүн талибдердин шаарды басып келе баштаганы менен байланыштырып жазышкан. Белгилүү болгондой талибдер өздөрүнүн иш-аракеттеринин башкы максаты катары “эркин ислам мамлекеттик системасын түзүүнү” айтып келишет. Жана аларга ылайык, аялдар көчөгө эркектердин коштоосусуз чыкпашы керек, ар бири оронууга милдеттүү. Ошондой эле жоолуксуз, көйнөк менен түшкөн аялдардын сүрөттөрү да жат көрүнүш катары каралат. Салондун сыртындагы сүрөттөрдү өчүрүү да ушуну менен байланыштырылат.

Сүрөттүн качан тартылганын аныктоо мүмкүн болгон жок.

Сүрөт кайсыл жерде тартылган?

Сүрөттөн дубалдары сырдалып жаткан салон TAJ Beauty Saloon деп аталарын окууга болот. Аталган салон карталарда белгиленген эмес. Аны социалдык тармактардан издеп көрдүк жана Facebook колдонмосунан дал ушундай аталыштагы салонду таптык.

​Кабулдагы салондордо кыздардын сүрөттөрү өчүрүлүп жатат деген сүрөт Афганистанда тартылганы чын. Фактчекинг

Баракчада бөлүшкөн видеолордун биринде салондун сырткы көрүнүшүнүн сүрөтү бар. Жана ал бөлүшүлүп жаткан сүрөт менен дал келээрин көрүүгө болот.

​Кабулдагы салондордо кыздардын сүрөттөрү өчүрүлүп жатат деген сүрөт Афганистанда тартылганы чын. Фактчекинг​Кабулдагы салондордо кыздардын сүрөттөрү өчүрүлүп жатат деген сүрөт Афганистанда тартылганы чын. Фактчекинг

Ал эми баракча салондун орун алган жери катары Кабул шаарын, Bakhtawar Palace 1003 имаратын белгилеген.

Google картасында аталган жер Афганbстандын борбор шаары Кабулдун түндүк-батыш тарабындагы Шари-Нау району экени аныкталды. Бул райондо соода-сатык борборлору жана мейманканалар көп жайгашкан жана район коммерциялык борборлордун бири болуп эсептелинет. ​Кабулдагы салондордо кыздардын сүрөттөрү өчүрүлүп жатат деген сүрөт Афганистанда тартылганы чын. Фактчекинг

Ал эми салондун жайгашкан жери катары белгиленген Bakhtawar Palace имараты райондун Шари-Нау деп аталган паркынан анча алыс эмес жерде жайгашкан.

Жыйынтык: Сүрөт Афганистандын Кабул шаарында тартылганы чын, бирок качан тартылганы белгисиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты