“Эмдөөдөн өткөндөргө арзан бут кийим!” Бишкек мэриясында эмдөөгө байланыштуу жаңы демилге сунушталды

  • 3 года мурун

16-август күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев коронавирус илдетине каршы эмдөө боюнча муниципалитеттин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, калкты коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө үгүттөө үчүн бут кийим дүкөндөрүнөн арзандатуу каралып жатканы айтылды. Мындай демилге Вице-мэр Виктория Мозгачева тарабынан сунушталган.

«Учурда шаардыктарды шыктандыруу механизми иштелип жатат. Вице-мэр Виктория Мозгачева Биринчи май райондук акимиаттын демилгесин белгиледи. Анда бут кийим саткан ири дүкөн менен биргеликте акция жүргүзүп, эмделгендерге арзан баа менен берилет», — деп айтылат маалыматта.


Мозгачеванын отчетунан кийин калаа башчысы акимдерге вакцинациялоо иштерин күчөтүү жана маалыматтык кампанияны активдештирүүгө тапшырма берди. Анын аткарылышын вице-мэр көзөмөлдөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты