“Коронавирус адамды майып кылышы мүмкүн” Эпидемиологдун сөзүн текшеребиз (Фактчекинг)

8-август күнү, Россиянын “Без формата” сайтында “Коронавирустун симптомдору адамды майыптыкка чейин алып баруусу мүмкүн”, — деген маалымат жарыяланган. Анда, Covid-19 өпкө жана жүрөк кан-тамыр системаларын олуттуу өзгөрүүлөргө учуратып, инфаркт жана инсульт ооруларын пайда кылары белгиленет.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Коронавирустун симптомдору адамды майып кыла турганы тууралуу маалымат алгач РИА.ру сайтына жарыяланган. Бул тууралуу Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) эпидемиологу Антонина Плоскирева билдирген.

Коронавирустун коркунучтуу кесепеттери

Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө жайылгандан баштап, бир топ эпидемиолог жана вирусологдор анын коркунучтуу кесепеттери бар экенин жана кээ бир органдарды олуттуу түрдө жабыркатаарын айтып келишет.

Коронавирустун өпкөгө болгон таасири


Covid-19 илдети өпкөнү түздөн-түз жабыркатары бир топ изилдөөлөрдө далилденген. Алсак, Шеффилд жана Оксфорд университеттеринин окумуштуулары 10дон ашуун бейтапты изилдеп, аларда узакка созулган коронавирустун белгилерин байкашкан. Катышкандардын 8инде ооруканадан чыгарылгандан 3 ай өткөндө кийин да, дем алуунун оорлошу, энтигүү сыяктуу симптомдор кеткен эмес. Шеффилд университетинин магниттик -резонанстык профессору Джим Вайлд баштаган изилдөөчүлөр, адамдын өпкөсү коронавирустан кийин кандай өзгөргөнүн, заманбап үлгүдөгү 129Xe MRI, КТ сканери менен өлчөшкөн. Анткени жөнөкөй МРТ аппараттарынан бул өзгөрүүлөр байкалган эмес.

Натыйжада, коронавирус менен ооруп айыккан бейтаптардын дем-алуучу ткандары жабыркап, аба өпкөгө толугу менен кирбей жатканы белгилүү болгон. Ошол эле учурда, өпкө кийин өз калыбына келеби деген суроо да бүдөмүк бойдон калган. Кээ бир изилдөөлөрдө, коронавирустун узак убакыттагы симптомдору бардык адамдарда кездешпей турганы жана ал иммунитеттен көз каранды болоору изилденген.

Коронавирустун жүрөккө болгон таасири

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнөдөгү 16% өлүмдүн себепчиси болуп саналат.

Ал эми, Jama Network изилдөө институтунун маалыматына ылайык, COVID-19 менен ооруканага жаткырылгандардын төрттөн биринде жүрөк-кан тамыр оорулары диагнозу коюлган. Ошондой эле, ал COVID-19 менен байланышкан өлүмдөрдүн орто эсеп менен 40% ын түзгөн деп болжолдонгон. Аталган изилдөө, 2020-жылы жүргүзүлүп 100 дөн ашуун адамды камтыган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, окумуштуулар 60% коронавирус менен ооруп айыккан адамда жүрөктүн сезгенишин байкашкан.

Белгилей кетсек, бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги да маалымат тараткан. Анда, коронавирус илдети көбүнчө жашы улгайган адамдарда, сейрек учурда жаш адамдарда жүрөк оорусун пайда кылышы мүмкүн экени айтылат.

Коронавирус инсультка алып келиши мүмкүн

Коронавирус бир гана адамдын ички органдарына эмес, мээнин нейрондоруна да таасир берээри аныкталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Covid-19 адамды инсультка чейин жеткириши мүмкүн экенин эскерткен.

Башкача айтканда, коронавирустун оор түрү менен ооруган адамдарда бул оору пайда болушу мүмкүн деген кооптонуулар бар. Буга чейин Америкалык Маунт-Синай ооруканасынын дарыгерлери, 33-49 жаштагы коронавирус менен ооруп айыккандардын арасында инсульттун белгилери байкалганын билдиришкен. Маалымат “Washıngton Post” гезитине жарыяланган. Анда кээ бир бейтаптар Covid-19дан кийин, колдун чымырашы, сүйлөөдөгү кыйынчылыктар сыяктуу симптомдор болуп жатканын кабарлашкан.

Бирок, азыркы убакка чейин коронаравирус адамдарды майыптыкка алып барары тууралуу толук изилдөөлөр жүргүзүлө элек.

Жыйынтык: Коронавирустан кийин адамдарда инсульттун симптомдору пайда болгону тууралуу маалыматтар бар. Бирок ал толук изилденип бүтө элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты