Sinopharm вакцинасынын айланасындагы чуу. Туура эмес термометр жана түшүнбөстүктөр (Фактчекинг)

7-август күнү Бишкек шаарынын тургуну “№8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда Sinopharm вакцинасы туура эмес градуста сакталып жатат” деген видеону бөлүшкөн. Автор вакцинанын 2-8 градуста сакталышы керектигин, бирок бул талап сакталбай, термометр +17 градуста экенин айткан.


Бул боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлиги 9-августта билдирүү таратып, автордун вакцина тууралуу айткандары калп экенин жана вакцина 1,7 градуста сакталып турганын билдирген.



ПолитКлиника медиасы, бул маалыматты текшерип көрдү.

Синофарм вакцинасынын туура эмес градуста сакталып жаткандыгы тууралуу видео, “Репортер” сайтында жарыяланган. Видео 34 секундага созулуп, анда автор эскертүүлөргө карабастан, муздаткычты ачып жатканын байкоого болот. Андан соң, ал муздаткычтын ичиндеги термометрди көрсөтүп, +17 градуста экенин жана Синофарм вакцинасынын төмөнүрөөк жылуулукта сактоо керектигин айткан.

Биз бул термометрдин ТП-11М үлгүсүндө жасалганын аныктадык. Бул термометрди Россиянын бир топ интернет сайттарынан 250 рублдан баштап, 4000 миң рублга чейинки баада сатып алууга болот.

Эң маанилүүсү, бул термометрдин өлчөө диапозону -35 градустан +50 градуска чейин экени жазылган.

Башкача айтканда, ар бир градус 10 градуска барабар болуп саналат. Мисалы, термометр +2 градусту көрсөтүп турса ал +20 градуска барабар болот.

Демек, Синофарм вакцинасын сактаган муздаткычтагы термометр 1,7 градусту эмес, эсептөөгө ылайык 17 градусту көрсөтүп турганы чындык.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, Бишкек шаарындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Анара Шакеева термометрлерден ката кетип калганын билдирди:

“Видеодо көрсөтүлгөн термометр Синофарм вакцинасынын температурасын өлчөй турган аппарат эмес. Болгону, ошол күнү иштеген персоналдардын бири тоңдургучтагы термометрди түшүрүп алып, аны башкы врачка көрсөтүү үчүн вакцина турган муздаткычка салып турган экен. Ошол учурда бул термометр туура эмес градусту көрсөтүп турган. Негизинен, вакцинанын температурасын күн сайын 2-3 жолудан көзөмөлдөп турабыз. Муздаткычта бардык талаптар сакталган жана 5 градуска чейин өлчөй турган термометрлер коюлган. Түшүнбөстүктөн улам ушундай жагдай жаралды. Чуу салган жаран да, медайым окуяны түшүндүрүүгө аракет кылганына карабастан, абалды курчутуп жиберген”,— деп билдирди.

Ошондой эле Анара Шакеева, эксперттик топ бул окуяны изилдеп чыкканын жана ар бир вакцина калк үчүн маанилүү экенин кошумчалады.

Sinopharm вакцинасы жана Кыргызстан

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Sinopharm вакцинасы 2 градустан 8 градуска чейинки жылуулукта сакталышы керек. Башка вакциналарга салыштырмалуу, Кытайда өндүрүлгөн бул вакцинаны сактоо кадимки муздаткычтын температурасында ишке ашырылганы артыкчылык катары бааланып келет.

Sinopharm вакцинасын сактоо тууралуу ДССУнун сайтында, эгерде вакцинанын сактоодо температура төмөн же өтө жогору болуп кетсе, анда ал өз касиетин жоготуп коюшу мүмкүн экени жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынан 2 миллион 350 миң Sinopharm вакцинасы келген.

Жыйынтык: Sinopharm вакцинасынын ичиндеги термометрдин 17 градуста болгону чын. Бирок, министрлик ал башка муздаткычтын термометри экенин билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты