“Кытай коронавирусту атайын чыгарды” деген маалымат далилденген эмес (Фактчекинг)

29-февраль күнү, Nazarnews.org сайтында “Кытай бийлиги коронавирусту атайын чыгарганы ачыкка чыкты” деген маалымат жарыяланган. Андан бери жарым жылдан ашуун убакыт өтсө да, бул кабар сайттагы “эң көп окулган” кабарлардын катарынан түшпөй, жалпы 383 миң 855 жолу окулган.

Маалыматта, Кытай аскердик чалгындоосунун жогорку даражадагы офицери коронавирусту Кытай лабораториялык жол менен ойлоп тапканын жана ал алгач Гонконгдогу митингчилерди жок кылууга багытталганы белгиленген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“Кытайдын чалгын кызматкери коронавирус биологиялык курал экенин ачыктады” деген маалымат эң алгач 2020-жылы, reddit.com сайтында жарыяланган. Маалыматты, “Wuhanvirusthrowaway” деген аккаунт чыгарып, ал көп өтпөй интернет желесине тарап кеткен.

Бирок, reddit.com сайты официалдуу булак эмес. Бул форумга колдонуучулар ойдон чыгарылган, реалдуу эмес окуяларды жазып турушат. Башкача айтканда, бул сайт “көңүл ачуучу” платформа гана болуп эсептелет. Кийинчерээк бул маалымат, кээ бир ММКларда пайда боло баштаганда, reddit.com сайтындагы бул билдирүү толугу менен өчүртүлгөн. Мындан сырткары, бул маалыматты тараткан адамдын аты-жөнү жана ким экени тууралуу так маалымат берилген эмес.

Коронавируска байланыштуу түрдүү теориялар

Коронавирус илдети эң алгач 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында чыккандан тартып, дүйнө коомчулугу вирустун булагы тууралуу ар кандай пикирди карманып келишет.

Алардын эң алгачкысы, “Кытай вирусту атайын лабороториялык чыгарып, дүйнөгө жайылтты” деген теория. Анткени, Ухань шаарында “Ухань вирусология институту” жайгашкан.

Маалыматтарга ылайык, бул институтта ар кандай багыттагы изилдөөлөр жүргүзүлүп, вирустардын келип чыгуу процесстери да изилденет. Ошондуктан, Covid-19 лабороториялык катадан улам же атайылап дүйнө жүзүнө жайылтылышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок, бул теория азыркы күнгө чейин далилдене элек.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттик тобу 14 -январда Кытайга келип, дээрлик бир айдан ашуун изилдөө жүргүзүшкөн. Адистер коронавирустун качан жана кайда пайда болгонун жана анын дүйнө жүзүнө кантип жайылганын билүүгө аракет кылышып, Уханьдагы деңиз азыктары базарына, ошондой эле жарганаттардын коронавирусунун чоң генетикалык архиви жайгашкан жергиликтүү Вирисология институтун изилдешкен.

Жыйынтыгында, эксперттик топ Covid-19 дун лабороториялык жол менен чыгуусунун ыктымалдуулугу аз экенин жана вирусту ташыган башка жаныбарлардан табийгый жол менен жугуусу мүмкүн экенин айтышкан. Башкача айтканда, коронавирустун чыгуусунун чыныгы себептери азыркы күнгө чейин белгисиз.

Жыйынтык: Коронавирустун лабороториялык жол менен атайылап чыгарылгандыгы тууралуу маалымат далилдене элек. Ал эми, Кытай аскердик чалгындоосунун жогорку даражадагы офицери жазган маалымат, көңүл ачуучу сайтта жарыяланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты