Бишкектин мэри Таалайбек Сарыбашовдун Россиялык паспорту дагы деле каттоодо бар (Фактчекинг)

4-август күнү активист Гуля Алмамбетова Бишкектин жаңы мэри Таалайбек Сарыбашов Россиянын жараны экенин жазып чыккан.

ПолитКлиника медиасы, бул маалыматты текшерип көрдү.


Таалайбек Сарыбашов 2-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аны бул кызматка, Президент Садыр Жапаров өзү сунуштаганы айтылган.

2018-жылы башталган чыр


Сарыбашовдун Россиянын жараны экени тууралуу маалымат алгач 2018-жылы “Компрамат.kg” баракчасына чыккан. Ал убакта Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп турган.

Маалыматта, Сарыбашов 2002-жылы Россиянын Новосибирск шаарында Россиянын паспортун алганы жана 2016-жылы кайра жаңылаганы жазылып, документинин номерлери кошо жарыяланган.

Бул коомчулукта көптөгөн суроолорду жараткан. Анткени, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесине ылайык, кош жарандуулугу бар адамдардын муниципалдык кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Кийинчерээк, “T-media” сайтынын журналисттери бул боюнча иликтөө жүргүзүп, ошол убактагы Ош шаарынын мэри Сарыбашовдун чын эле Россиянын жараны экенин аныкташкан.

Анткени, Таалайбек Сарыбашовго тиешелүү 540962673 деген жеке номери, Россиянын официалдуу сайттарында толугу менен чыккан. Бирок, Сарыбашов кош жарандуулугу бар деген айыптарды четке кагып келген.

Сарыбашовдун Россиялык паспорту каттоодо бар, бирок салык кызматынан көрүнбөй калган


Азыркы учурга чейин, Таалайбек Сарыбашовдун паспорту каттоодо бар экени Россиянын официалдуу гувм.мвд.рф сайтында көрсөтүлгөн.

Башкача айтканда, эгерде паспорттон толугу менен баш тартылса, сайтта “паспорт каттоодо жок” деп чыгуусу керек эле.

Кызыгы, мурда Россиянын Салык кызматы, Сарыбашовго тиешелүү маалыматтарды жана паспортунун жеке номурун жарыялап келсе, 2019-жылы таптакыр көрүнбөй калган.

Белгилей кетсек, Таалайбек Сарыбашов Бишкекке жаңы мэр шайланганга чейин убактылуу мэрлик кызматты аткарат.

Жыйынтык: Таалайбек Сарыбашевге тиешелүү экени белгилүү болгон паспорттун номерлери, Россиянын гувм.мвд.рф сайтында дагы деле катталуу. Бир гана, РФнын Салык кызматында бул маалыматтар көрүнбөй калган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты