“Шайлообек президент!” же “Тилек азамат!” Шайлообек Атазов менен Тилек Токтогазиевди кимдер колдойт?

31-июль күнү, ПолитКлиника медиасы “Бийлик элге жакынбы?” деген темада талкуу уюштурган. Ага, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов жана мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев катышып, эфир учурунда кайым айтыша кетишкен. Видео, Фейсбук социалдык тармагында актуалдуулук жаратып, 150дөн ашык билдирүү калтырылган.

ПолитКлиника медиасы, билдирүүлөрдү текшерип Шайлообек Атазов менен Тилек Токтогазиевдин колдоочуларын анализдеп көрдү.


Матраимов жана Жапаровдун колдоочулары:“Шайлообек келечектеги президент!”

Талкууга жалпы жонунан 156 комментарий калтырылган. Алардын арасынан,16 адам Шайлообек Атазовду колдоп жазышкан.

Алардын бири Бактыгул Назарова аттуу айым. Ал, Атазовду колдогон дээрлик 16 билдирүү калтырган.

Бактыгул Назарова Фейсбуктагы “Райымбек Матраимовду колдоо комитетинин” мүчөсү болуп эсептелип, группадагы постторго “Матраимовго боштондук!” деген комментарийлерди калтырган. Ошондой эле Атазовду колдогон билдирүүлөрдү да бөлүшүп турат.

Шайлообек Атазовду колдоп билдирүү калтыргандардын арасында Жоомарт Талантбекович аттуу Фейсбук колдонуучусу бар.

Ал, Фейсбуктагы “Райымбек Матраимовду колдоо комитети” группасынын негиздөөчүсү. Постторунда Райымбек Матраимов, Искендер Матраимов, Шайлообек Атазов жана Мирлан Бакировду жактаган маалыматтарды бөлүшкөн.

Буга чейин Kaktus.media сайты, Райымбек Матраимовду колдогондор Президент Садыр Жапаровду да колдой турганын жазып чыгышкан. Маалыматта, Жоомарт Талантбекович баштаган троллдор фабрикасынын Садыр Жапаровдун “Телеграм” каналына байланышы бар экени айтылган.

Шайлообек Атазовду колдогондордун арасында, Жаңыл Абдылдаева атту жаран бар. Ал, Нарын облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук бирикмесинин жетекси экени белгиленген. Ал, Райымбек Матраимовду, Шайлообек Атазовду жана активдүү түрдө Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду да колдоп келет.

Мындан сырткары, Атазовду колдоп билдирүү калтырган 4 аккаунт фейк экени жана жетөөсү “Райымбек Матраимовду колдоо комитети” группасында мүчө экени аныкталды. Ошондой эле, группага кирген жети кишинин баары Фейсбукта бири-бирине жазылуу.

Ал эми, депутат Шайлообек Атазовду сындап 23 адам билдирүү калтырган. Кызыгы, Атазовду сынга алып жазгандардын арасында беш аккаунт Фейк болуп чыкты. Алардын бардыгы, Фейсбукта өтө активдүү эмес, жана көп маалыматтарды бөлүшүшкөн эмес.

Көпчүлүгү, Атазовдун Райымбек Матраимов менен болгон байланышын сынга алышкан.

Белгилей кетсек, 18-февралда УКМК, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана коррупция беренелери менен мурдагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду кармаган. 19-февралда, Матраимовдун колдоочулары “Эркиндик” паркында “Матраимовго боштондук!” деген ураан менен митинг уюштуруп, аны Шайлообек Атазов жетектеген. Маалыматтарга ылайык, Шайлообек Атазов Райымбек Матраимовдун жакын кишиси болуп эсептелет.

Мындан сырткары, “Бүтүн Кыргызстан”, “Туран” жана “Реформа” партиясынын колдоочулары жана үгүттөөчүлөрү да негативдүү комментарий калтырышкан.

Атазовду сындагандардын арасында дал ушул адамдар, мурдагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевди колдоп жазышкан.

“Тилек Токтогазиев азамат!” жана “Министр болуп эмнени кыйраттың!”


Жалпы жонунан алганда, Тилек Токтогазиевди колдогон 11 билдирүү калтырылган.

Алардын бири, Улан Канат уулу. Ал, 2021-жылы 11-июлда өткөрүлгөн шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын жетектеп, Ош шаардык кеңешиндеги шайлоого катышкан.

Өзүнүн баракчасында, активдүү түрдө “Бүтүн Кыргызстан” партиясын жана саясий ишмер Адахан Мадумаровду колдойт. Ошондой эле, азыркы бийликти сындаган билдирүүлөрдү да бөлүшүп турат. Токтогазиевди колдогон комментарийинде да “Тилек Токтогазиев абдан туура айттыңыз!!! Өзгөндө сүйлөгөн сөзү чек арадагы кырдаалга от жакты”,-деп Камчыбек Ташиевдин чек-ара боюнча жасаган кадамдарын сындаган.

Талкуудагы комментарийлердин бирин Нурбек Сабеков аттуу жаран калтырган. Ал Тилек Токтогазиевди колдогон. Сабековдун Фейсбуктагы аккаунтунан “Туран” саясий партиясын колдой турганын жана Кыргызстандагы социалдык көйгөйлөр тууралуу көп жаза турганы белгилүү болду.

Ошондой эле, Тилек Токтогазиевди колдоп жазгандардын арасында “Реформа” партиясынын жактоочулары да бар. Башкача айтканда, мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевди оппозициялык маанайдагы партиялардын жактоочулары жана жөнөкөй жарандар колдогону белгилүү болду.

Ал эми, Токтогазиевди сындаган 10 адам болгон. Алар аны, министр болуп турган убагында эч нерсе жасай албаган деп сынга алышкан. Алардын арасында, Шайлообек Атазовду сүрөгөн Бактыгул Назарова жана Айка Айка деген колдонуучулар да бар.

Жыйынтыктап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду колдогондордун көпчүлүгү Райымбек Матраимовду да колдошот. Ал эми Тилек Токтогазиевди көбүнчө оппозициялык партиянын өкүлдөрү колдойт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты