23-сентябрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 23-сентябрда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…38;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21.

Бишкекте эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 18…20° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты