23-сентябрда: Айрым жерлерде 32 градуска чейин ысык күтүлөт
- 3 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 23-сентябрда айрым жерлерде өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;
Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…31;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +14…+16, күндүз +27…+29.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




