23-мартта: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт  

  • 3 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 23-мартта, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:  

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна  1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты