23-май: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 23-майда, түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында нөшөрлөп жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +22…+27;
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз+ 21…+26;
Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан күтүлөт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде секундуна 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +24…26 градус ысык болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




