23-июнда: Айрым жерлерде өткүн өтөт  

  • 12 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 23-июнда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаашы күтүлбөйт.  

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…21, күндүз +33…38;

Талас облусунда түнкүсүн +12…17, күндүз +30…35;

Баткен облусунда түнкүсүн +19…24, күндүз +33…38;

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +19…24, +күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…13, күндүз +22…27;

Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты