23-августта: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайт

  • 2 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 23-августта, күндүз  Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.   

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +17…+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы күтүлбөйт. Түнкүсүн +15…+17, күндүз +31…+33.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты