23-апрелде: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 2 месяца мурун
Кыргыз гидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 23-апрелде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт жана күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 18…20° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




