Жалал-Абад облусунда жер титиреди
- 3 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 21-июль күнү саат 04:30да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Аксы районунун Аркыт, Кызыл-Көл, Чат айылдарында-3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү