​«Бишкек санитардык полигонунун» башчысы алмашты

  • 3 года мурун

«Бишкек санитардык полигонуна» жаңы жетекчи дайындалды.

Бул тууралуу аталган муниципалдык мекеменин кызматтан алынган башчысы Адил Назаров өзү билдирди.

«Мени чакырып, өз каалоом менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазуум керектигин айтышты. Жогору жактан кысым болгон окшойт. Акча бар болчу, ишкананы өркүндөтөм деген пландарым бар эле. Мен полигондо беш ай иштедим. Көрсө, Президенттин колдоосу керек экен” дейт Адил Назаров.

Анын айтымында, «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп Бишкек шаарынын мэри Бактыбек Кудайбергеновдун кеңешчиси Талант Аспеков дайындалган.

Адил Назаров өзү «Бишкекжарнама» ишканасынын директорунун орун басары болуп дайындалганын кошумчалады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты