Нариман Тюлеевдин “Күч биримдикте” партиясы менен байланышы. Манипуляция жана жашыруун жарнама

6-июль күнү, Нариман Тюлеев Фейсбуктагы баракчасына 11-июль күнү боло турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо “Күч биримдикте” партиясына добушун бере турганын билдирген.

Тюлеев, “Күч биримдикте” саясий партиясын амбициялуу жаштардын партиясы деп сүрөттөп, экинчи жолу шайлоого катышып жаткан партияларды сындаган:

“Мурдагы шайлоо эң ыплас өттү. Ал эми ошол шайлоого катышкан партиялар кайрадан бети жоктук менен экинчи жолу катышып жатышат. Бардык партиялар андай эмес экендиги жана алардын арасында чыныгы патриот, анча белгилүү эмес бирок жаш жана дымактуу партиялар бар экени талашсыз. Мен көпкө чейин ойлонуп, акыры “Күч биримдикте” партиясына добуш берүүнү чечтим. Алардын катарында жаш, тагы жок жүздөр, жөнөкөй шаардыктар жана кесипкөй адистер бар”, — деп билдирген.

Нариман Тюлеевдин “Күч биримдикте” партиясы менен байланышы. Манипуляция жана жашыруун жарнама

ПолитКлиника медиасы Нариман Тюлеев менен “Күч биримдикте” партиясынын кандай байланышы бар экенин анализдеп көрдү.

“Ак Бата” партиясынын 16 талапкери “Күч биримдикте” партиясына кошулган

Нариман Тюлеев жетекчилик кылган “Ак-Бата” саясий партиясы 11-апрелдеги шайлоого катышып, Бишкек шаары боюнча шайлоочулардын 12,3%ынын добушуна ээ болгон.

Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелдеги шайлоо учурунунда НДПК, “Ак-Бата” жана “Эмгек” саясий партияларынын бир канча мыйзамды одоно бузганын жана добуш сатып алганын аныктап, 12-май күнү шайлоонун жыйынтыгын толугу менен жокко чыгарган.

Бир катар нааразычылыктардан соң, партия лидери Нариман Тюлеев “Ак-Бата” саясий партиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышпай турганын билдирген.

Бирок, партиядагы 11-апрелде өткөрүлгөн шайлоого катышкан 77 талапкердин 19у же 25%ы кайра шайлоого катышып жатат.

Нариман Тюлеевдин “Күч биримдикте” партиясы менен байланышы. Манипуляция жана жашыруун жарнама

Алардын арасында, Ыргал Кадыралиева «Биздин Эл» партиясына кошулса, ал эми Темир Касымов жана Светлана Шульц «Ишеним» саясий партиясынын курамына кирген.

Ал эми, «Ак-Бата» партиясынын 16 талапкери мурдагы шайлоого катышпаган «Күч Биримдикте» партиясына кошулган. Бул, “Күч биримдикте” партиясынын 21%ы Нариман Тюлеевдин “Ак-Бата” партиясынан экенин билдирет.

Ошондой эле, мурда «Ак-Бата» партиясынын курамында болгон талапкерлердин алтысы «Күч биримдикте» партиясынын алдыңкы 15тигине кирген.

Нариман Тюлеевдин “Күч биримдикте” партиясы менен байланышы. Манипуляция жана жашыруун жарнама

Башкача айтканда, эгерде «Күч Биримдикте» партиясы шайлоодон утуп чыга турган болсо, «Ак-Бата» партиясынын мурдагы талапкерлери мандат алат.

Ал эми калган 10 талапкер “Күч биримдикте” партиясында:

16-тизмеде, Гайыпов Бектур Абдипаттович

19-тизмеде, Ситников Максим Валерьевич

21-тизмеде, Белекбаева Чынарахан Келдибековна

29-тизмеде, Кубанычбеков Абдысамат Кубанычбекович

32-тизмеде, Эсенаманов Мурат Кубанович

34-тизмеде, Шарыпов Бакыт Сатыбалдыевич

43-тизмеде, Сарбашев Керимбек Батыралиевич

59-тизмеде, Эсенгулов Улан Маликович

70-тизмеде, Мурзаев Эрмамат Сайталиевич

72-тизмеде, Абдыкалыева Жылдыз Абдыкалыевна

жер алышкан.

Тактап айтканда, “Күч биримдикте” партиясынын басымдуу бөлүгүн мурдагы шайлоого катышкан “Ак-Бата” партиясынын талапкерлери түзөт.

“Күч Биримдикте” партиясы жөнүндө эмнелер белгилүү?

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Күч Биримдикте» саясий партиясы 2015-жылы Кадырбек Абдивалиев тарабынан негизделген. Кадырбек Абдивалиев 2011-2012-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Мындан сырткары, 2016-жылы өзү жетектеген “Күч биримдикте” партиясы менен Ош шаардык кеңешине талапкерлигин койгон. Азыркы учурда, партияны Парханов Мирлан Абдивалиевич жетектеп келе жатат.

“Күч Биримдикте” партиясынын курамын карап көрө турган болсок, талапкерлердин 67%ы жогорку билимдүү, ал эми 19%ы орто жана кесиптик орто билимге ээ экенин билүүгө болот. Ошондой эле 3 талапкер ЖОЖ дордо бакалавр, 7 талапкер магистратура окуп жатканы белгиленген.

Мындан сырткары, партиянын талапкерлеринин 39% пайызы жумушсуз.

Белгилей кетсек, 11-июль күнү өтө турган шайлоого Бишкек шаары боюнча жалпы 17 партия катышып жатат.

Жыйынтык: Нариман Тюлеевдин “Күч Биримдикте” партиясы менен байланышы бар. Анткени, мурда “Ак-Бата” партиясынын курамында болгон 16 талапкер “Күч Биримдикте” партиясынын курамында кайра шайлоого катышып жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты