​“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын 2016-жылы берген бир топ убадалары аткарылбай калган (Фактчекинг)

28-июнь күнү, БеспределKG баракчасында “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы 2016-жылдагы шайлоодо берген убадаларын аткарган жок”, — деген видео жүктөлгөн.

Анда, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы, 5 жыл мурун болгон жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бардык жаңы конуштарга заманбап спорт аянтчаларын куруп берүү убадасын бергенин, бирок ал ишке ашпаганы белгиленген.

ПолитКлиника медиасы, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын 2016-жылдагы шайлоодо берген убадаларын анализдеп көрдү.

2016-жылы 11-декабрда Кыргызстанда “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын” шайлоо болуп өткөн. Аталган шайлоого жалпысынан 14 партия катышып, 5 партиянын талапкерлери мандат алышкан. “Өнүгүү- Прогресс” саясий партиясы, бул шайлоодо 15,51%дык добуш алып, Бишкек шаары боюнча 8 мандатка ээ болгон. Азыркы учурда, шаардык мэрияда “Өнүгүү — Прогресс” партиясынан 8 депутат иштейт.

Белгилей кетсек, “Өнүгүү — Прогресс” саясий партиясы 2021-жылдын 11-июлунда боло турган “Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоого” талапкерлигин койгон.

Убадалардын 43%ы гана ишке ашырылган

Politmer.kg сайтынын маалыматына ылайык, “Өнүгүү Прогресс” партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жана 2016-жылдагы “Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо” убагында жалпы жонунан 130 убада берген. Азыркы убакка чейин, алардын 56 сы же 43 %ы ишке ашырылган. Мисалы, партия убада кылган “балага сүйүнчү берүү”, оң рулдуу машиналардын иштөөсүнө уруксат берүү жана 500 дөн ашуун айыл чарба техникаларын алып келүү сыяктуу иштер партиянын талапкерлери тарабынан демилгеленип ишке ашырылганы айтылат.

Бирок, ошол эле учурда “Өнүгүү Прогресс” партиясынын 2016-жылы “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын” шайлоо учурунда берген убадаларынын бир нечеси аткарылбай калган.

Мисалы, 2016-жылдын 11-ноябрында “Өнүгүү — Прогресс” партиясынын Фейсбуктагы баракчасында “Эгерде шайлоодон утуп калсак, Бишкектин бюджетин 2 эсеге өстүрөбүз”,- деген билдирүү жарыяланган.

​“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын 2016-жылы берген бир топ убадалары аткарылбай калган (Фактчекинг)

Анда, Бишкектин салыктан түшкөн каражатын толугу менен борборго жумшап бул максатка жетүү пландалган.

Бирок, Бишкектин бюджетин карап көрө турган болсок 5 жыл ичинде көп деле өзгөрүү болбогонун көрүүгө болот. Анткени, 2015-жылы борбордун бюджети жалпы 7,6 миллиард сомду түзсө, 2021-жылы 10,2 миллиардга гана жогорулаган. Ортодогу айырма 2 эсе эмес, 2,6 миллиардды түзөт.

2016-жылы, “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынын эң амбициялуу максаттарынын бири Бишкек шаарындагы транспорт маселесин чечүү болгон. Ага ылайык, партия шаардагы тыгын маселесин жоюу үчүн заманбап унаа токтоочу жайларды куруу пландалган

​“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын 2016-жылы берген бир топ убадалары аткарылбай калган (Фактчекинг)

Бирок азыркы убакка чейин мамлекетке тиешелүү көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курула элек.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2018-жылы эң биринчи көп кабаттуу унаа токтоочу жай “Дордой Плаза” соода түйүнүндө курулган. Ал, “Дордой Ассоциациясына” тиешелүү.

Партиянын транспортко байланыштуу экинчи максаты, Бишкек шаарында коомдук транспорттордун санын көбөйтүү болгон. Ага ылайык, партия Бишкек шаарында ортомчу компанияларды жоюу менен автобустардын жана троллейбустардын санын көбөйтүүнү убадалаган.

​“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын 2016-жылы берген бир топ убадалары аткарылбай калган (Фактчекинг)

Бирок, азыркы убакка чейин шаарларда транспорт маселеси толугу менен чечиле элек. Буга чейин, Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган 39 дан ашуун жеке компания болсо алардын баары азыркы убакка чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Мындан сырткары, 2021-жылдын 2-июнунан баштап жеке маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштоо уюштурганда, Бишкек шаарынын мэриясы шаарга муниципалдык транспорттор жетишпей турганын моюндаган.

Мындан сырткары, “Өнүгүү — Прогресс” саясий партиясынын 2016-жылдагы негизги багыттарынын бири жаңы конуштарды өнүктүрүү жана спорт аянтчаларын куруп берүү болгон.

​“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын 2016-жылы берген бир топ убадалары аткарылбай калган (Фактчекинг)

Партия, активдүү түрдө “Дени сак жашоо образын” пропагандалап, жакынкы убактарда ар бир жаңы конушта спорт аянтчалары курулаарын жана ага жарандардын 10 мүнөттө жетүүгө мүмкүнчүлүгү болоорун айтышкан.

Мэриянын акыркы эки жылда жаңы конуштарда жүргүзгөн ишмердүүлүгү боюнча отчетун карап көрө турган болсок, көбүнчөсү суу жана каназизациялык түтүкчөлөр орнотулганы белгиленген. Ал эми, кээ бир “Калыс-Ордо”, “Мурас-Ордо” деген сыяктуу жаңы конуштарда “АРИС”, жана Роза Отунбаеванын фонду тарабынан балдар аянтчалары курулган. Бирок, азыркы учурда спорт аянтчалары кээ бир жаңы конуштарда гана курулуп баштады.

“Өнүгүү — Прогресс” саясий партиясынын 2021-жылдагы программасын карап көрө турган болсок, бир топ өзгөрүүлөр болгонун байкоого болот.

Анда партиянын негизги багыты, Кыргызстандын тышкы саясий байланыштарын бекемдөө жана ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошуу экени көрсөтүлүп, жалпы максаттары гана жазылган.

Белгилей кетсек, 11-июль күнү өтө турган шайлоого Бишкек шаары боюнча жалпы 17 партия катышып жатат.

Жыйынтык, “Өнүгүү — Прогресс” саясий партиясынын 2016-жылы өткөрүлгөн “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо” учурунда берген убадаларынын бир нечеси аткарылбай калганы чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты