​Коронавирустун оор түрү менен ооругандарга “Aconitum” компаниясы чыгарган “Calm Heart” дарысы берилип жатат деген маалымат туура эмес (Фактчекинг)

30-июнь күнү, Фейсбук социалдык тармагында Гульсайра Кадырова аттуу интернет колдонуучусу эмне себептен коронавирустун оор түрү менен ооруп жаткандарга “Calm Heart” аттуу дары берилип жатканына кызыккан. Кээ бирлери, аталган дарынын “Аконитум” фирмасында жасалганын жана анын курамында аконит чөбү болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.

​Коронавирустун оор түрү менен ооругандарга “Aconitum” компаниясы чыгарган “Calm Heart” дарысы берилип жатат деген маалымат туура эмес (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“Calm Heart” дарысы

“Calm Heart” препараты жүрөктү тынчтандырууга багытталган дары. Аны, 1999-жылы Литванын Каунас шаарында иштей баштаган “Acanitum” медициналык мекемеси чыгарат.

Мекеменин аты “Аканитум” же кыргызча “Уу коргошун” деп аталганы менен чыгарган дарыларынын курамында аконит кездешпейт. Мисалы, “Calm Heart” дарысын алып карап көрө турган болсок, анын курамында валерианка, магний, целлюлоза сыяктуу кошулмалар гана бар экенин көрүүгө болот.

​Коронавирустун оор түрү менен ооругандарга “Aconitum” компаниясы чыгарган “Calm Heart” дарысы берилип жатат деген маалымат туура эмес (Фактчекинг)

Аталган препарат, жүрөктү жана нерв системасын тынчтантырууга жардам берээри айтылат. Башкача айтканда, “Calm Heart” препараты биологиялык активдүү кошулма болуп эсептелип, коронавирусту түздөн-түз айыктыра турган дары эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Саламаттыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Аконит” чөбүнүн тундурмасы менен коронавирусту айыктырса болоорун айткан. Бирок ага, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму жана бир катар медициналык эксперттер каршы чыгышкан.

Анткени, “аконит” чөбү дары жасаганга болбой турган заттардын сап башында турат.

Ошондой эле, дүйнө жүзү боюнча тиешелүү клиникалык изилдөөдөн өтпөгөндүктөн жана аны адамдарга эксперимент кылууга тыюу салынгандыктан колдонулбайт.

Саламаттыкты Сактоо Министрлиги: “Коронавирусту “Calm Heart” сыяктуу биологиялык активдүү заттар менен дарылоону колдобойбуз”

Коронавирустун оор түрү менен ооругандарды “Calm Heart” аттуу дары менен дарылап жатат деген маалыматты тактоо үчүн Саламаттыкты Сактоо министрлигине байланышканыбызда КРнын дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Айгуль Джакубекова бул препарат протоколго кирбегенин белгиледи:

“Коронавирус менен ооругандарды айыктыруу үчүн министрлик атайын протоколдун негизинде иш алып барат. Ал эми, “Спокойное сердце” сыяктуу дарылар Биологиялык активдүү кошулма башкача айтканда салтуу медицина болуп эсептелгендиктен расмий дарылоо методуна кирбейт. Мындан сырткары, мындай дарылардын каттоодон өтүп же өтпөгөнүн да текшериш керек”, — деп билдирди.

Бул маалыматтын чындыгын тактоо үчүн коронавирустун оор түрү менен ооруп жаткан адамдарга байланышканыбызда, Борбордогу ооруканада даарыланып жаткан Айдана Нурдоолотова дарылоодо бул препарат колдонулбаганын билдирди:

“Мен азыр коронавирустун оор формасы менен ооруп дарыланып жатам. Врачтын көрсөтмөсү боюнча ингавирин, лазолван, коделак деген дарыларды ичип жатам. Ал эми, “Спокойное сердце” деген дары ичкеним жок.”, — деп билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлиги тарабынан кабыл алынган протоколдо, коронавирустун симптомдорун жеңилдетүү үчүн “Эноксапарин”, “Гепорин” сыяктуу дарылар сунуш кылынган.

Ал эми, “Calm Heart” дарысы Кыргызстандын бирдиктүү дарылар реестринде официалдуу катталган эмес. Кээ бир “Неман-Фарм”, “Бимед-Фарм” сыяктуу дарыканаларда “Спокойное сердце” деген дары сатылат. Бирок ал, “Кызыл май” НВФ компаниясы тарабынан Казакстанда өндүрүлгөн продукт.

Жыйынтык: Коронавирустун оор формасы менен ооруган жарандарга “Calm Heart” дарысы берилип жатат деген маалымат далилденген эмес. Мындан сырткары, Кыргызстандын бирдиктүү дарылар реестринде да бул препарат катталган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты