​“Covid-19га каршы эмдөөдөн өткөндөр эки жылга жетпей өлөт” — деген маалымат жалган (Фактчекинг)

Интернет колдонуучулары тарабынан Whatsapp тайпаларында төмөнкүдөй билдирүүлөр тарап жатат.

​“Covid-19га каршы эмдөөдөн өткөндөр эки жылга жетпей өлөт” - деген маалымат жалган (Фактчекинг)

Билдирүүдө: “Нобель сыйлыгынын лауреаты, француз вирусологу Люг Монтонье өткөн жылы өзүнүн каналында мындай деген: “Дүткүл дүйнөлүк вирус эл аралык лабораториядан атайын иштелип чыгарылган”. Жакында дагы мындай деди: “Эксперименталдык вакцинация алгандар эки жылдан кийин дүйнө менен кош айтышат. Аларды сактап калууга эч кандай медициналык жардам же, эч кандай үмүт жок”. Муну мүмкүн болушунча тез жана көп адамдарга тараткыла”, — деп жазылган.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

ВИЧти биринчи аныктаган топту жетектеген профессор Люг Монтанье, Covid-19 эмдөө процессине каршы өз оюн билдирген. Бирок анын эки жылдын ичинде өлөт же тирүү калууга мүмкүнчүлүгү жок деп айткан эч кандай далил жок.

Белгилүү болгондой, профессор Люг Монтаньенин француз тилинен англис тилине которулган 11 мүнөттүк маегинде, “Эпидемия учурунда эмдөө жүргүзүү бул ойго келбеген иш. Эпидемилөологдор ошонун бардыгын билишет. Бул өтө чоң илимий ката жана медициналык туура эмес иш” деп билдирген. Ал эми, ал эми Covid-19га каршы эмдөөдөн өткөн адамдар эки жылдын ичинде курман болушат деп айткан эмес.

Вакцина коркунучтуубу же жокпу?

Учурда Covid-19га каршы эмдөөдөн өтүү кооптуу деп айтууга эч кандай негиз жок. Теория боюнча, ал ар кандай реакцияны пайда кылышы мүмкүн. Бирок, бул кооптуу эмес.

Тескеричисче, Covid-19га каршы эмдөөдөн өтүү коронавирусту алдын алуудан сактайт. Вакцина алгандан кийин кандайдыр бир терс таасирлер болушу мүмкүн, бирок алар бир нече күндөн кийин жок болот. Бул тууралуу АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору билдирген. Бирок ыңгайсыздык бир нече күндүн ичинде толугу менен жоголушу керек.

Ошондой эле, Стенфорд университетинин эпидемиологу Ивонн Малдонадо коронавируска каршы эмдөө тууралуу: «Вакциналардын көпчүлүгү анча-мынча терс таасирлерди жаратат. Негизинен, бул организмдин вакцинага болгон иммундук жана сезгенүү реакциясы», — деп билдирген.

Жыйынтык: ВИЧти биринчи аныктаган топту жетектеген профессор Люг Монтанье, Covid-19 эмдөө процессине каршы өз оюн билдирген. Бирок анын эки жылдын ичинде өлөт же тирүү калууга мүмкүнчүлүгү жок деп айткандыгы тууралуу эч кандай далил жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты