Россияда өндүрүлгөн “ЭпиВакКорона” вакцинасынын эффективдүүлүгү толугу менен далилдене элек (Фактчекинг)

Акыркы убактарда Россияда, коронавируска каршы өндүрүлүп чыккан “ЭпиВакКорона” вакцинасына байланыштуу бир топ ызы чуулар чыгып жатат.

Ага, вакцина алууну каалаган жарандарга убада кылынган “Спутник V” вакцинасы эмес, эффективдүүлүгү төмөн “ЭпиВакКорона” вакцинасынын сайылып жатканы себеп болгондугу айтылат.

Россияда өндүрүлгөн “ЭпиВакКорона” вакцинасынын эффективдүүлүгү толугу менен далилдене элек (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы “ЭпиВакКорона” вакцинасы жөнүндө изилдеп көрдү.

“ЭпиВакКорона” вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрү толугу менен жыйынтыктала электиги жана маалыматтардын жашыруун болгону тууралуу кооптонуулар жөнөкөй жарандардын жана иммунологдордун арасында да айтылган. Мисалы, малекулярдык биолог Ольга Матвеева “ЭпивакКорона” вакцинасынын эффективсиз жана жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирген вакцина экенин айткан. Ал эми Россиялык бир катар ЖМКлар бул маалыматты жокко чыгарышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанга да “ЭпиВакКорона” вакцинасы келиши мүмкүн экени айтылган. Бирок, азыркы учурда Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 100 миң дозасы гана келди.

“ЭпиВакКорона” вакцинасы

Россиядагы коронавируска каршы өндүрүлүп чыккан биринчи вакцина Н.Ф Гамалей институту иштеп чыккан “Sputnik V” вакцинасы болуп эсептелет.

Ал эми экинчилерден болуп, 2020-жылдын 14-октябрында Россиянын «Вектор» Вирусология жана Биотехнология Мамлекеттик Илимий Борбору тарабынан иштелип чыккан “ЭпиВакКорона” вакцинасы катталган. Маалыматта, вакцинанын өзгөчө коронавирустун жаңы штаммдарына жана бардык катмардагы адамдарга эффективдүү жардам берээри айтылат.

Ал эми, вакцинанын алгачкы клиникалык изилдөөсү 4,5 ай жүргүзүлүп жалпысынан 6 түрдөгү жаныбарга изилденген. Бирок, вакцинанын экинчи жана үчүнчү фазалары бир топ талаш-тартыштарга жол ачкан. Анткени, вакцинанын официалдуу сайтында дагы клиникалык изилдөөлөр 3000 миң ыктыярчынын катышуусунда Россияда гана жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, Россиянын Казань, Тюмень, Калининград жана Новосибирск областтарында гана жүргүзүлгөн.

Негизи вакциналардын дүйнөлүк аренада кабыл алынышы үчүн башка өлкөлөрдө дагы клиникалык изилдөөлөрдөн өтүүсү талап кылынат. Анткени, вакциналарды өндүрүп чыккан институттар мамлекетке тиешелүү болгондуктан ар кандай дезинформацияга жол ачылат деген кооптонуулар бар.

Ал эми вакцинанын клиникалык изилдөөсүнө катышкан бир нече адам “ЭпиВакКорона” менен эмделген соң организмде коронавирустан коргой турган эч кандай антителолор пайда болбогонун айтышып, даттануу менен Россиянын Саламаттыкты Сактоо министрлигине кайрылышкан.

Мындан сырткары, “ЭпиВакКорона” вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрүнүн биринчи жана экинчи фазасынын жыйынтыгы бир гана Россиялык “Инфекция и Иммунитет” журналына жарыяланган.

Ал эми, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму изилдөөлөрүн тааныган “The Lancet”, “Nature” журналдарына “ЭпиВакКоронанын” жыйынтыктары жарыяланган эмес.

Мындан сырткары, “ЭпиВакКорона” вакцинасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакциналардын статусун белгилеген индекси жана эффективдүүлүгүнүн рейтинги боюнча тизмеге кирген эмес. Башкача айтканда, өзгөчө кырдаалдар учурунда колдонууга сунуштама берилген вакцинанын катарына кирбейт.

Жыйынтык: Россияда өндүрүлгөн “ЭпиВакКорона” вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрү боюнча бир катар талаш-тартыштар чыкканы чындык. Мындан сырткары, аталган вакцинанын коронавирус менен күрөшүү үчүн жетиштүү антителолорду өндүрүп чыгуусу боюнча да шектенүүлөр бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты