Медеткан Шеримкулов: Тагдырым ушул экен, тарыхый документтерде менин колум турат (ВИДЕО)
- 3 года мурун
- Видео
“Эркиндикте” аттуу рубрикабызда айтылуу адамдардын басып өткөн жолу, өмүр таржымалы, эркиндикке салымы тууралуу сөз болот. Бүгүнкү мейманыбыз легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов.
-Мен жетектеген парламент кыргыз тарыхына легендарлуу парламент деген ат менен кирди. Советтер Союзу жашап турган убакта, 1990-жылдын 15-декабрында, Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө декларация кабыл алдык. Ошол декларациянын негизинде, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы деген аты өзгөрүлүп, Кыргыз Республикасы деп кабыл алынды.
1991-жылдын 31-декабрында “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө” декларация кабыл алдык. Кудайдын буйругу, менин тагдырым ушул экен, эки декларацияда тең менин колум турат.
КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО: