​“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын талапкери Таалайбек Жакыпов авто кырсык боюнча 11 жылга соттолгону чын (Фактчекинг)

24-июнь күнү, “БеспределKG” баракчасында “11-июль күнү боло турган шайлоого “Ата-журт Кыргызстан” саясий партиясы менен 2013-жылы 11 жылга соттолгон Таалайбек Жакыпов да катышып жатат” деген маалымат жарыяланган.

​“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын талапкери Таалайбек Жакыпов авто кырсык боюнча 11 жылга соттолгону чын (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

3 адамдын өмүрүн алган кырсык

Таалайбек Жакыпов 2012-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы болуп турган.

2012-жылдын 8-декабрында саат 4:30 дар чамасында, Бишкектин Киев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 5 унаа кагылышып, натыйжада 3 адам каза болгон. Кырсыктын күнөөкөрү катары Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыпов табылган. Анткени, ошол күнү Таалайбек Жакыпов “Тойота Лендкрузер” унаасы менен саатына 183 километр ылдамдык менен бара жатканы аныкталган.

​“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын талапкери Таалайбек Жакыпов авто кырсык боюнча 11 жылга соттолгону чын (Фактчекинг)

Кийинчерээк экспертизадан Таалайбек Жакыповдун мас абалында болгону тастыкталган. Бул тууралуу маалымат azattyk.kg, kloop.kg, 24.kg, delo.kg сыяктуу көптөгөн маалымат каражаттарына жарыяланган.

Аталган окуя боюнча, 2013-жылдын 17-августунда Октябрь райондук сотунда тергөө иши жыйынтыкталып сот Таалайбек Жакыповду 11 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле Сот отурумунун башкы судьясы Нурбек Эсеналиев айыпталуучу Жакыповду үч жылга айдоочулук укугунан ажыратуу менен бирге 3 миллион 857 миң 520 сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Бирок, бул окуя Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу act.sot.kg порталына киргизилген эмес. Мындан сырткары, болуп өткөн сот өндүрүш иштери жана процесстери да ачык жарыяланган эмес.

Белгилей кетсек, Таалайбек Жакыпов “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясында 28-тизмеде жер алган.

БШК: “Соттуулук процесси бүткөн болсо шайлоого катышууга жол берилет”

Соттуулугу бар жарандардын шайлоого укугу бар же жок экенин билүү үчүн Борбордук шайлоо кызматына байланышканыбызда:

“Талапкерлердин тизмеси Ички иштер министрлиги менен чогуу такталат. Эгерде шайлоого катышып жаткан кандидаттын бүтө элек сот иштери болсо, арызы кабыл алынбайт. Бирок, соттуулугу бүткөн болсо жана ИИМ аны тастыктаса анда шайлоого катышуу укугуна ээ болот”, — деп билдиришти.

2011-жылы кабыл алынган “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо” боюнча мыйзамдын 3-беренесинде да бул пункттар көрсөтүлгөн.

​“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын талапкери Таалайбек Жакыпов авто кырсык боюнча 11 жылга соттолгону чын (Фактчекинг)

Башкача айтканда, соттуулугу жоюлган талапкерлер шайлоого катышуу укугуна ээ.

Белгилей кетсек, буга чейин 11-апрелде өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган. 11-июлда өтө турган «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого» Бишкек шаары боюнча жалпысынан 17 партия катталган.

Жыйынтык: “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери Таалайбек Жакыпов 2013-жылы авто кырсыктан улам 11 жылга соттолгону чын. Бирок, соттуулугу бүткөн жарандар шайлоого катыша алат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты