​Учурдагы саясий-укуктук кырдаал жана анын жарандык коомго, бизнеске таасирин талдоо

«Тандем” юристтер коомдоштугу учурдагы саясий-укуктук кырдаалды, анын жарандык коомго жана бизнеске таасирин талдап чыгып, тыянактарды жана сунуштарды берди.

Тыянактар жана сунуштар:


1.Кыргыз Республикасында учурдагы саясий-укуктук абал укуктук айкын эместик менен мүнөздөлөт. Айрым мамлекеттик институттардын ишиндеги укуктук боштуктун туруктуу абалы же укуктун үстөмдүгүнүн жоктугу жөнүндө белгилеп кетүү керек. Өлкө 2020-жылдагы октябрь окуяларынан улам укуктук талаадан «чыгып калды» жана бүгүнкү күнгө чейин укуктук талаага али толук кайта албай жатат.

2. Өлкөдө жүргүзүлгөн конституциялык реформа КРнын ченемдик укуктук актыларын өлкөнүн негизги мыйзамына ылайык келтирүүнү талап кылат. Ошону менен бирге, коомдук жактан маанилүү ченемдик — укуктук актыларды кабыл алуу жагынан парламенттин мыйзамдуулугу жагынан маселелер бар.

3. 2020-жылдын 5-октябрындагы окуялардан кийин бир нече ай бою VI чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин мыйзамдуулугу жөнүндө талаштар басыла элек жана анын статусу алиге чейин аныкталган эмес.

Министрлер Кабинетинин укуктук статусу айкын эмес.

БШКнын ыйгарым укуктары аяктап жатат. Иштин мындай абалы бүтүндөй алганда мамлекеттик бийликтин натыйжалуулугуна, ошондой эле укуктук курамга таасир этип жатат.

4. Ушул эле мезгилде КР Юстиция министрлиги мыйзамдарды инвентаризациялоо процессин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алды, анын концепциясы инвентаризациялоонун жүргүзүлүп жаткан процессине карабастан бүгүнкү күнгө чейин айкын эмес бойдон калууда.

5. КР Президентинин администрациясы, КР Башкы прокуратурасы, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары мамлекеттин конституциялык органдарынын ишин жөнгө салуучу, мыйзамдардын ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү концептуалдык ыкмаларды өзгөртүүчү мыйзамдардын пакеттерин иштеп чыкты. Күтүлүп жаткан жакынкы келечекте саясий-укуктук чөйрөдөгү процесстер болуп конституциялык органдарды, атап айтканда, КР Жогорку Кеңешин, КР Министрлер Кабинетин, Элдик курултайды, КР БШКны жана башкаларды түзүү саналат.

6. Конституцияны кабыл алуудан тартып мыйзамдарды биротоло ага ылайык келтиргенге чейинки өткөөл мезгил бери болгондо бир жылга жакын убакытты алууга тийиш деп ойлойбуз. Буга байланыштуу, конституциялык реформаны андан ары аяктоо жана бардык процесстерди укуктук талаага биротоло кайра кайтаруу үчүн мыйзамдуу негиздерди түзүү сунушталат.

Бул процесстин «Жол картасы» төмөнкүдөй болушу мүмкүн эле:

1. КР Президентинин администрациясы иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун кеңири коомдук талкуулоону жүргүзүү.

2. КР Жогорку Кеңештин мыйзамдуулугунун маселелеринде сакталып жаткан айкын эместикти эске алуу менен, иштеп жаткан БШКнын ыйгарым укуктарын (анын мыйзамдуулугу боюнча шек жок) узартуу жана биринчи кезекте, эң жакынкы учурда КР Жогорку Кеңешине шайлоону өткөрүү туура болот деп ойлойбуз.

3. КР Жогорку Кеңешине шайлоо жагынан шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн кезексиз сессияны өткөрүү жөнүндө сунуш менен КР Президентинин КР Жогорку Кеңешинин төрагасына кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кароо (башкача айтканда КР ЖК «каникулга» кетпейт, ал мыйзамдын конкреттүү долбоорун кароо үчүн калат).

4. КР Жогорку Кеңеши белгиленген жол-жоболорго ылайык шайлоо жөнүндө мыйзамды кабыл алгандан кийин КР Президенти Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоосу.

5. КР ЖКга шайлоону жаңы мыйзамга ылайык өткөрүү жана VII чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин иштеп башташы. 6. VII чакырылыштагы КР ЖК мамлекеттик институттарды КР Конституциясына ылайык келтирүү жана алардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында алардын иштешине тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароосу.

Кыргызстан Юристтер коомдоштугу төмөнкүлөр аркылуу: Токоев Токтобек, юрист;

Эргешбаева Таттуубүбү, Коомдоштуктун координатору;

Ерлан Алимбаев, юрист;

Ошондой эле «ТАНДЕМ» Юристтер коомдоштугунун мүчөлөрү.


Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты